• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров: Бардык инвесторлор үчүн эшигибиз ачык

Өкмөт 0

Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Япониянын тышкы соода уюмунун (Japan External Trade Organization, JETRO) төрагасы Нобухико Сасаки башында турган япон делегациясы менен жолукту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулашты.

“Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча реалдуу практикалык кадамдар жасалууда. Жакында болуп өткөн Борбордук Азия IT-форуму географиялык масштабы жагынан, жетишкендиктердин мааниси жана IT-тармагындагы кызматташуу үчүн көтөрүлгөн темалар боюнча дагы маанилүү болуп калды. Биздин эшигибиз ички жана тышкы инвесторлор үчүн ачык”, – деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Өз кезегинде “JETRO” төрагасы белгилегендей, 2022-жылдын 28-30-ноябрында Японияга болгон жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен болгон жолугушуудан кийин, Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү япон компанияларына сунушталган.

“Япон компанияларынын Кыргыз Республикасына болгон кызыгуусу өсүүдө. Эми бул кызыкчылыкты эки тарапты тең кызыктырган конкреттүү сунуштар менен толтуруу керек”, – деп жыйынтыктады Нобухико Сасаки.

Пикир

Оставить комментарий