• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Акылбек Жапаров баштаган делегация Фергана жана Наманган облустарындагы бир катар ишканаларга барды

Өкмөт 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Өзбекстан Республикасына жумушчу сапары менен келген министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын мүчөлөрү Фергана жана Наманган облустарында жайгашкан «Global Textile», «Fazman Textile», «Art Soft Holdings» жана «Iftihor Kiyim Sanoat», ишканаларында болушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Global Textile» фабрикасынын иши менен таанышуу учурунда Акылбек Жапаров жеңил өнөр жайы Кыргыз Республикасынын экономикасынын динамикалуу өнүгүп жаткан тармактарынын бири экендигин белгиледи.

«Муну эске алуу менен Өзбекстан Республикасынын текстиль өндүрүшүнө инвестицияларды жана заманбап технологиялык чечимдерди тартуу боюнча тажрыйбасы биз үчүн өтө маанилүү. Биз ошондой эле өзүбүздүн узак мөөнөттүү заказчиктерибиздин катарына сиздер жигердүү жана ийгиликтүү кызматташып жаткан дүйнөлүк бренддерди тартуу менен өнүгүүбүз керек», - деп билдирди министрлер кабинетинин башчысы.

Белгилей кетсек, 2018-жылы ишке киргизилген «Global Textile» текстилдик ишканасы Өзбекстандагы дүйнөлүк сапаттагы жип жана трикотаж кездемелерин чыгаруу менен алектенген алдыңкы текстиль ишканаларынын бири болуп саналат.

Андан соң министрлер кабинетинин башчысы жана кыргыз делегациясынын мүчөлөрү «Art Soft Holdings» жана «Fazman Textile» компанияларынын курамына кирген текстиль ишканасынын иши менен таанышып, ошондой эле республикадагы эркектердин кийимдерин өндүрүүчүлөр арасында лидер саналган («ADIM» бренди) «Iftihor Kiyim Sanoat» ишканасынын жаңы өндүрүштүк комплексинин курулушу менен таанышты.

Акылбек Жапаров жеңил өнөр жай ишканалары чыгарган продукциянын сапатын эл аралык сертификациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Мамлекет жана биздин ишкерлер бул жагына басым жасашы керек. Тийиштүү программалык камсыздоо менен жабдылган заманбап сапат боюнча лабораториялар өз продукциясын башка өлкөлөргө экспорттоого ниеттенген бардык ишканалар үчүн милдеттүү иш атрибуту болуп калышы керек», - деди ал.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын башында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын президенттеринин ортосунда жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунда текстиль өндүрүшүн түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Анын алкагында Өзбекстан-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан «Fazman Textile» деңгээлине туура келген текстиль ишканасынын курулушуна 16 млн АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлүнөт, ал Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жайгашмакчы.

Маалымдама: «Fazman Textile» текстиль фабрикасы 2022-жылдын соңунда ачылган, ал жылына 1 млн даанага чейин эркектер, аялдар жана балдар үчүн костюмдарды чыгарат. Экспорттун көлөмү жылына 15 млн АКШ долларына бааланат.

Пикир

Оставить комментарий