• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров Баткен облусунда курулуш иштери жай жүрүп жаткандыгын айтты

Өкмөт 0

Бишкек, 31.10.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Тажикстан Республикасы тарабынан куралдуу агрессиясынын кесепетинен Баткен жана Ош облустарында жабыркаган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрдү.Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал Баткен облусу мамлекет башчынын жана мнистрлер кабинетинин көңүл борборунда экендигин белгиледи.

«Бардык зарыл болгон чечимдер ыкчам тартипте кабыл алынат, дагы бир маселе – алардын өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарылышы. Кечээ мен курулуш иштери кандай жүрүп жатканы менен тааныштым. Курулуш иштери жай жүрүүдө. Мындай болбойт. Кийинки жыйында бул маселе боюнча жеке жоопкерчиликти карайбыз. Калыбына келтирүү иштеринен тышкары Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасын ишке ашырууну улантуу зарыл», - деди Акылбек Жапаров.

Ал Баткен облусуна бөлүү пландалган 6-8 млрд сомдун 4,1 млрд сомго жакыны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тиешелүү эсептерине түшкөнүн кошумчалады. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине 330,75 млн сом кайрымдуулук жардам катары түшүп, анын 138,4 млн сому чек ара чатагынан жабыркаган жарандарга компенсация катары берилген. Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасын ишке ашырууга 250 млн сом бөлүнгөн. «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча каралган 3 млрд сомдун 1,3 млрд сому каржыланган, анын ичинен 1 млрд сому – турак жайларды курууга, 300 млн сому жолдорду жана көпүрөлөрдү реконструкциялоого багытталган.

Комиссиянын отурумунун жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жабыркаган жарандарга жана юридикалык жактарга ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында Баткен, Лейлек райондору жана Баткен шаарында келтирилген зыянды аныктоо комиссияларынын ишин бир жумалык мөөнөттө жыйынтыктоо тапшырылды.

Тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына объектилердеги курулуш-калыбына келтирүү иштерин тездетүү тапшырмасы берилди.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине облустун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарында жашаган балалуу үй-бүлөлөргө мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоонун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин жөнгө салуучу Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун Президенттин Администрациясына киргизүү тапшырылды.

Билим берүү жана илим министрлигине Баткен облусунун мектептеринде жана бала бакчаларында өзгөчө кырдаалды эске алуу менен окуу процессин уюштуруу боюнча тийиштүү чараларды көрүүсү, ошондой эле билим берүү мекемелери менен бирдикте өлкөнүн атайын билим берүүчү орто жана жогорку окуу жайларында контракттык негизде билим алуучу Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан райондорунун студенттери үчүн жеңилдиктерди берүү маселесин иштеп чыгуусу тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (макулдашуу боюнча) үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрына чейин Баткен облусунда катталган жана ишкерлик кылган ишкер субъекттерине коммерциялык банктар жана микрофинансы уюмдары тарабынан зайымдык каражаттарды берүү тартибин жөнөкөйлөтүүнү караган тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүсү сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий