• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акылбек Жапаров биринчи жолу электрондук санариптик колтамгасы бар документтерге кол коюп, «Infodocs» тутуму аркылуу аткарууга жөнөттү

Өкмөт 0

Бишкек, 27.11.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы – КР президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров биринчи жолу электрондук санариптик колтамгасы бар документтерге кол коюп, «Infodocs» тутуму аркылуу аткарууга жөнөттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Президенттин администрациясы кагазсыз электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнүн алкагында жана мамлекет башчынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында электрондук документ жүгүртүү тутумун ишке киргизди.

Бул системаны ишке киргизүү кагаз менен иштөө процессин жоюуну тездетет, документ жүгүртүү процессинин ыкчамдуулугун жана эффективдүүлүгүн олуттуу түрдө жогорулатат, ошондой эле кызматтык кат алышуу процесстерин оптималдаштырат. Борборлоштурулган системанын артыкчылыктарынын бири мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө баа берүү жана мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат.

Учурда 853 мамлекеттик органда, аларга караштуу ведомстволук жана аймактык түзүмдөрдө электрондук документ жүргүзүү (ЭДТ) ишке киргизилген, аны пайдалануучулардын саны мамлекеттик жана муниципалдык органдардын 32 миң кызматкерин түзөт. Тутум ишке киргизилгенден бери 2 миллион 161 миң документ катталган.

Пикир

Оставить комментарий