• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Акылбек Жапаров: Бишкекте криптовалютаны көмүскө жүгүртүү күнүнө $10 млн жетет

Экономика 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Бишкекте криптовалютаны көмүскө жүгүртүүнүн көлөмү күнүнө 5 млн доллардан 10 млн долларга чейин жетет. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Алматыдагы жыл сайын өтүүчү “Digital Almaty” эл аралык форумунда билдирди.

Анын айтымында, банк секторуна киргизилген чектөөлөр аймакта криптовалютаны өнүктүрүүгө түрткү берди.

“Эксперттердин баалоосуна ылайык, Бишкекте эле көмүскө жүгүртүүнүн көлөмү күн сайын 5 млн доллардан 10 млн долларга чейин жетет. Биздин ири өндүрүүчүлөр, ошол эле жеңил өнөр жай өкүлдөрү Россия менен Кытайдагы буюртма берүүчүлөр жана ташып келүүчүлөр менен өз ара эсептешүүдө стейблкоиндерди колдонууда”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий