• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров Бишкектеги 20 конушту жаратылыш газы менен камсыздоо маселесин иштеп чыгууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. «Быйыл Бишкек шаарынын 20 конушун жаратылыш газы менен камсыздоо маселесин иштеп чыгуу зарыл. Алдыга ушундай чоң максаттарды койбосок, ыш маселесин чече албайбыз. Улан-Батор шаарынан үлгү алып, жылытуунун экологиялык таза түрлөрүнө өтүшүбүз керек», - деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешмеде.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров учурда 27 жаңы конушка жаратылыш газы киргизилгендигин билдирди. Министрлер Кабинетинин башчысы Экономика жана коммерция министрлигине, Финансы министрлигине жана Бишкек шаарынын мэриясына «Газпром» компаниясы менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырды. Бишкек шаардык мэриясынын отчетун кароо жыйынтыгы менен муниципалитетке 1000 автобус сатып алуу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

«Транзиттик транспорт шаар аймагына кирбестен, борборду айланып өтүшү керек. Катализаторлору жок эски унаалар да шаарда жүрбөшү керек. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тиешелүү көзөмөл чараларын иштеп чыгуусу керек. Бишкек шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү завод быйыл ишке кириши керек. Министрлер Кабинетинин эртеңки кеңешмесине ыш менен күрөшүү боюнча комплекстүү иш-чараларды киргизүү зарыл», — деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий