• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Акылбек Жапаров: Биз 1 трлн сомдук чекке ишенимдүү түрдө жакындап калдык

Өкмөт 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстанды өнүктүрүүнүн негизги макроэкономикалык сценарийлери талкууланды, ошондой эле Экономика жана коммерция министринин отчету угулду.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, экономикалык туруксуздуктун жана белгисиздиктин шартында айрым эл аралык институттар буга чейин Кыргызстандын ички дүң продуктусунун төмөндөшүн (Дүйнөлүк банк – 5,0%га, Эл аралык валюта фонду – 0,9%га басаңдашын) болжолдоп келишкен.

“Бул божомолдорго карабастан, улуттук экономиканын өсүү темпи бүткүл отчеттук мезгилде оң динамикасын көрсөттү. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ИДПсы алдын ала статистикалык маалыматтар боюнча 919,4 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 107,0%ды түздү. Муну менен биз 1 трлн сомдук чекке ишенимдүү түрдө жакындап калдык”, - деди Акылбек Жапаров.

Министерлер кабинетинин башчысы кошумчалагандай, быйыл Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын экономикасынын өсүү болжолун кайра карап чыккан анда 2023-жылы 3,2%дан 3,5%га жана 2024-жылы 3,8%га чейин болот. Ошондой эле Дүйнөлүк банк ата мекендик экономикага карата болжолун жакшыртты (2023-жылга өсүү мурдагы 3,4%дын ордуна 3,5% деңгээлинде болжолдонууда, 2024-жылга өсүү 4% деңгээлинде болжолдонууда).

Отурумдун жыйынтыгында орто мөөнөттүү мезгилге (2024-2028-жылдарга) Кыргызстанды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн сунушталып жаткан базалык сценарийин колдоо чечими кабыл алынды, ага ылайык 2023-жылга экономиканын өсүү темпи 104,5% деңгээлинде күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын апрель айында түзүлгөн министрлер кабинетине караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеш макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча макулдашылган чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуучу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий