• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Министрлер кабинетинин төрагасы: Дүйнөлүк фондулук рынокторго чыгууга ниеттенүүдөбүз

Өкмөт 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Биз дүйнөлүк фондулук рынокторго чыгууга ниеттенүүдөбүз. Дүйнөлүк рынокко чыккан өлкө ыкчам экономикалык өсүү жолунда болот. Эгерде бизде капиталы 1 млрд АКШ долларын түзгөн ири компаниялар болсо, алардын эл аралык рынокко чыгуусу оңой болот. Ал үчүн биз үч ири: «Кыргызиндустрия», «Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы» улуттук холдинги жана «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» акционердик коомун түздүк. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйынында билдирди.

Ал кошумчалагандай, 2022-жылы дүйнөлүк экономиканын өсүү темпи терс эмес болсо да, 4,1% га басаңдашы күтүлүүдө.

«Бул COVID-19 пандемиясынын жана геосаясий кырдаалдын натыйжалары. Дүйнөлүк экономиканын өсүү темпи 0,1%га басаңдаса дагы, биз сыяктуу чакан мамлекет үчүн анын таасири байкаларлык болот. Ошондуктан биз күчтөнүшүбүз керек», - деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле ал өнөр жайды модернизациялоону жана 100% мамлекеттин катышуусу болгон чарбалык объектилерди натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында «Кыргызиндустрия» акционердик коому түзүлгөндүгүн кошумчалады

«Учурда 100 долбоордун 32си активдүү иштелип чыгууда, 14 долбоор ишке ашырылууда. Мисалы, тигүү аксессуарлары тармагындагы ишкана, компьютердик тетиктерди жыйноочу ишкана, мыктарды жана арматураларды импорттоочу ишкана. «Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы» улуттук холдинги ишин баштап, учурда пайдалуу кендерди казуу тармагында 32 ири долбоорду ишке ашырууда. Ошондой эле уставдык капиталы 1 млрд сом болгон «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» түзүлдү. Чоң иштер башталып, долбоордук наркы 70 жана 100 млн АКШ долларын түзгөн бизнес-пландар каралууда», - деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий