• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акылбек Жапаров Чүй облусундагы бир катар объектилердин иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек. 15.01.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ысык-Ата районундагы Интернационал жана Бос-Бармак айылдарындагы ичүүчү суу менен камсыздоо тутумунун курулушунун башталышы менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Объектинин сметалык наркы 97 млн 146 миң сомду түзөт.

Акылбек Жапаров жергиликтүү эл менен жолугуп, актуалдуу социалдык-экономикалык маселелерди чечүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылы Айыл чарба министрлигине сугат иштерине жана үрөн сатып алууга 2 миллиард сом бөлүнүүдө. Ошондой эле дыйкандарга жеңилдетилген үстөк менен насыя берүү үчүн «Айыл Банк» ААКга кошумча каржы булактарын бөлүү каралууда.

Иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров Интернационал айылындагы спорт комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты, аны үстүбүздөгү жылдын март айында пайдаланууга берүү пландаштырылууда.

Андан соң министрлер кабинетинин башчысы Токмок шаарындагы балык чарбасынын өкүлдөрү менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүгүнө тийиштүү маселелер талкууланды.

Тармактык мамлекеттик органдарга балык чарбасынын ишин регламенттештирүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды. Ошондой эле ал «Дар природы» балык чарбасынын иши менен таанышты.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров балык чарбалардын ишмердүүлүгүнүн мыйзамсыз аракеттеринен улам жолду суу каптоо коркунучу болгон эл аралык маанидеги «Бишкек – Нарын - Торугарт» жол тилкесин көрүп чыкты.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга маселени иликтеп, зарыл чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий