• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акылбек Жапаров Чехия парламентинин депутаттарынан турган делегация менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 10.09.22. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чехия парламентинин депутаттарынан турган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров белгилегендей, Кыргызстан менен Чехияны мурдатан келе жаткан тарыхый байланыштар бириктирип турат.

«Чехословакиялык «Интергельпо» кооперативинин биздин өлкөбүздү индустриялаштырууга кошкон салымын эске алуу жетиштүү. Чехословакиялык көрүнүктүү саясий жана коомдук ишмерлер Юлиус Фучик жана Александр Дубчек да ата мекендик тарыхыбызга байланышы бар. Бишкек шаарында Юлиус Фучик атындагы көчө жана сейил бак бар, ошондой эле Александр Дубчек бир кезде ата-энеси менен чогуу жашаган үй да сакталып калган», - деди ал.

Акылбек Жапаров келерки жылы эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгы белгилене турганын билдирди.

«Буга байланыштуу эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда иштиктүү байланыштарды түзүүгө багытталган бизнес-форум жана башка иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайм. Мунун бардыгы мүмкүнчүлүгү тийиштүү деңгээлде пайдаланылбай жаткан эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын көлөмүн жогорулатууга көмөгүн берет деп ишенем. Энергетикалык потенциалы жогору жана кайталангыс жаратылышы бар өлкө катары, биз үчүн гидроэнергетика, туризм, айыл чарба, билим берүү тармагындагы долбоорлор кызыгууну жаратат», - деп белгиледи Жапаров.

Өз кезегинде Чехия парламентинин депутаттар палатасынын төрагасынын орун басары Ян Бортошек кыргыз тарапка жылуу кабыл алуусу жана чех жарандары мурда жашап жана иштеген жерлерди кыдыруу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биздин миссиябыз – Кыргыз Республикасынын аймагында качандыр бир кезде жашап жана эмгектенген мекендештерибиздин элесин эскерүү. Бүгүн биз «Интергельпо» кооперативинин мүчөлөрүнүн жардамы менен түзүлгөн ишканаларда болдук, Александр Дубчек жашаган үйгө гүл койдук. Ал эми ишкердик байланыштарды жана бизнес форумду өткөрүү боюнча демилгелерди колдоого алам» ,- деп жыйынтыктады Ян Бортошек.

Жолугушууда тараптар кыргыз-чех эки тараптуу мамилелеринин ырааттуу өнүгүшүнө өбөлгө түзүүчү маселелерди кеңири талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий