• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акылбек Жапаров чет өлкөлөрдө Кыргызстандын соода өкүлчүлүктөрүн ачуу керектигин билдирди

Өкмөт 0

Бишкек, 28.01.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ведомствонун өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы ошондой эле, 2023-жылга карата милдеттери талкууланды.

Министрлер Кабинетинин башчысы өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Тышкы иштер министрлиги эң жогорку рейтингге ээ болгонун белгиледи.

“Мен өзүмдүн көңүлүмдү экономикалык дипломатия маселелерин алдыга жылдыруудагы министрликтин маанисине жана ролуна бургум келет. Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелери министрликтер жана ведомстволор менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү, ошондой эле жеке секторлордун эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерин диверсификациялоодо абдан маанилүү. Министрликтердин жана ведомстволордун Кытайга ата мекендик экспорттун көлөмүн көбөйтүү тапшырмасы турат”, - деп айткан Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасында, Түркия Республикасында жана Өзбекстан Республикасында соода өкүлчүлүктөрүн ачуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Акылбек Жапаров бөтөлкөдөгү сууну экспорттоо иштерин күчөтүү менен потенциалдуу инвесторлорду/өндүрүшчүлөрдү республиканын аймагына тартуу аркылуу өз бренди менен өндүрүш ачуу жана андан ары чет өлкөлүктөргө жеткирүү зарыл экендигин кошумчалады.

“Мамлекет үчүн приоритеттүү багыт катары жашыл энергетиканы өнүктүрүү, ири, орто жана чакан гидроэнергетикалык объектилерди куруу болуп саналат, бул тармакка инвестиция тартуу зарыл. Суу маанилүү ресурс, бул багытта дагы инвестиция тартуу керек. Биз бөтөлкөдөгү суу чыгарган ири эл аралык компаниялардын франшизасын сатып алууга даярбыз жана алар менен биргелешкен ишкана түзүү, жергиликтүү ишкерлерди окутуу жана чет элдик компаниялардын жардамы менен эл аралык рынокко чыгууга жол ачылат”, - деди ал.

Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин Төрагасы чет мамлекеттерде мамлекетибиздин кызыкчылыгын алдыга жылдыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү тынымсыз издөө зарылдыгын белгиледи.

“Биздин жарандар сиздерден сезилээрлик жыйынтыктарды күтүшөт. Сиздер Министрлер Кабинети, өлкөнүн тиешелүү түзүмдөрү жана органдары менен тыгыз иш алып баруу менен биздин жалпы максатыбыз болгон – бакубат жашоо жана элибиздин гүлдөп өнүгүүсү үчүн күчтүү, өнүккөн, өзүн-өзү камсыз кылуучу мамлекетти курууга бардык күч-аракетиңиздерди жумшайсыздар деп ишенем”, — деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий