• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банкты ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга чакырды 

Өкмөт 0

Бишкек, 31.05.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапараов Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча Вице-президенти Антонелла Бассани менен эрте мененки чай үстүндө баарлашты.

Жолугушууда тараптар Дүйнөлүк банк менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мындан аркы кызматташуу жана ийгиликтүү өнөктөштүк жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Анда Акылбек Жапаров, мындан эки жыл мурда Кыргыз Республикасы өлкөнү 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын бекиткенин жана андагы реформалардын башында адам тураарын, анын муктаждыктары, кызыкчылыктары жана потенциалы ишке ашырылышы керектигин белгиледи.

“Өлкөнүн мамлекеттик программаларына ылайык суу менен камсыздоо жана канализация тармагында республика боюнча 232 айылда жана 27 шаарда жалпы суммасы 468,2 млн долларлык инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда. Дүйнөлүк банкка суу секторуна кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү күндө 52 айылда курулуш иштери бүткөрүлүп, 128 миңден ашуун адам таза суу менен камсыз болду. Тактап айтканда, бул тармакта АРИС көптөгөн социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечип, айыл жергесинде жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө ийгиликтүү көмөк көрсөтүүдө”, – деди ал.

Акылбек Жапаров ошондой эле, Кыргыз Республикасы суу жана гидроэнергетикалык ресурстарга бай экенин белгилөө менен, ири долбоорлордо Дүйнөлүк банктын тажрыйбасын эске алып, Дүйнөлүк банкты ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууда жигердүү кызматташууга чакырды.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын Вице-президенти Антонелла Бассани Дүйнөлүк банк башка эл аралык каржы институттары менен катар өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын дагы, финансылык туруктуулугун, экономикалык жактан өсүп-өнүгүүсүн калыбына келтирүүгө жардамын уланта берээрин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий