• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын БА өлкөлөрү боюнча аймактык директорун кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 09.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякованы кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын региондук жана эл аралык бирикмелердеги экономикалык интеграциясын тереңдетүү, энергетика тармагын өнүктүрүү, жагымдуу инвестициялык климатты түзүү жана кайра жаралуучу энергия булактарын пайдаланууну кеңейтүү сыяктуу багыттарда мындан ары кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар ошондой эле Россия менен Украинанын ортосундагы түзүлгөн кырдаалды, анын ичинде биздин өлкөнүн экономикасына тийгизген таасирин талкуулашты.

Акылбек Жапаров Кыргызстанда Украинадагы кырдаал чоң тынчсызданууну жаратып жатканын белгиледи.

«Кыргыз Республикасы калыс жана бейтарап позицияны карманууда. Биз Россия менен Украинанын өкүлдөрүнүн ортосунда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдү кубаттайбыз», - деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Өз кезегинде Татьяна Проскурякова чатакташкан тараптардын ортосунда тынчтык келишими орун алаарына ишеним билдирип, ошондой эле өлкөбүздүн стратегиялык өнүгүүсүнүн негизги багыттарында жана КР министрлер кабинети тарабынан көрүлүп жаткан бардык чараларга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Дүйнөлүк банктын аймактык директору ошондой эле кечээ Бишкекте өткөн «Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын трансформациялоо» форуму мыкты жана жогорку деңгээлде уюштурулганын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий