• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору менен кызматташууну талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Министрлер кабинетинин башчысы энергетика тармагын колдоо жана чыңдоо боюнча кабыл алынып жаткан чаралар, энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүү боюнча демилгелер тууралуу айтып берди.

Акылбек Жапаров министрлер кабинети үчүн адамды өнүктүрүү багыттары, биринчи кезекте саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагындагы реформалар артыкчылыктуу экендигин белгиледи.

«Дүйнөлүк банк өнүгүүнүн маанилүү багыттарында өлкөгө олуттуу колдоо көрсөткөн стратегиялык өнөктөш болуп саналат. Биз өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча натыйжалуу аракеттешүүгө умтулуудабыз», - деди Акылбек Жапаров.

Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви өз кезигинде мындан ары карай жемиштүү кызматташтыкка даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун алкагында «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоорун ишке ашыруу, үстүбүздөгү жылдын жазында энергетикалык тармакты өнүктүрүү келечеги боюнча форумду уюштуруу, Дүйнөлүк банктын жазгы кеңешмелери, Кыргыз Республикасы жана Дүйнөлүк банк ортосундагы өнөктөштүктүн 30 жылдыгын майрамдоо, калкты вакцинациялоо, ошондой эле социалдык жактан аяр категориядагы үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнө күн батареяларын орнотуу боюнча долбоор боюнча кызматташуу маселеси талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий