• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров дары-дармектерди жүгүртүүгө байкоо жүргүзүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 23.09.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дары-дармек каражаттарын жүгүртүүгө байкоо жүргүзүү жана контролдоонун автоматташтырылган тутумун ишке киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жүгүртүүгө байкоо жүргүзүү жана контролдоонун автоматташтырылган системасы сунушталды.

Министрлер Кабинетинин башчысы өлкөгө алынып келинген дары-дармектерди эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Система виртуалдык кампаны көрсөтүшү керек. Контрафакттык продукцияны четтетүү үчүн кайсы дары-дармектер өлкөгө алынып келинип, 5 миңге жакын дарыкананын кайсынысында сатылып жаткандыгын көрүшүбүз керек. Мындан тышкары, электрондук дары жазууну (электрондук рецепт) ишке киргизүү боюнча иштерди жайгаруу зарыл. Система фармацевтикалык компаниялар тарабынан айрым дары-дармектерди атайылап илгерилетүү факторлорун болтурбоо максатында дарыгерлер бейтаптарга кайсы дарыларды жазып бергенин каттап турушу керек», - деди Акылбек Жапаров

Белгилей кетсек, иштелип чыккан система контрафакттык медициналык продукцияга каршы күрөшүү аркылуу дары-дармек каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылат, эл аралык стандарттарга ылайык ачык-айкын лицензиялоо процесси аркылуу рыноктогу дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын сапатын жогорулатат. Мындан тышкары, дары-дармектерге байкоо жүргүзүү системасын ишке киргизүү рынокко толук көзөмөлдү камсыздоо аркылуу дары-дармектердин баасын жөнгө салууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий