• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров Дубай шаарына учуп келди

Өкмөт 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «EXPO 2020» көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүнө арналган иш-чарага катышуу үчүн Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираты) келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Акылбек Жапаровдун Бириккен Араб Эмиратына болгон жумушчу сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөт.

Жапаров Дубай шаарындагы «Dubai Smart City» жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү концепциясына негизделген технологиялык экошаардын долбоору саналган Абу-Даби шаарындагы «Masdar City» менен таанышат.

Пикир

Оставить комментарий