• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров ЕӨАКнын жыйынына катышуу үчүн Ереванга келди

Өкмөт 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ереван шаарына (Армения Республикасы) Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн жумушчу сапар менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасын Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григорян, Армения Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Армен Гевондян жана Армения Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу Бабкен Седракян тосуп алды.

Белгилесек, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 2021-жылдын 18-19-ноябрында Ереван шаарында Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин, ошондой эле ЕАЭБ караштуу байкоочу өлкөлөр – Өзбекстан Республикасынын жана Куба Республикасынын өкмөт башчыларынын, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасынын катышуусунда өтөт.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны тар жана кеңири форматта өтөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен бир катар эки тараптуу жолугушуулары өтөөрү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий