• 79.5
  • 83.15
  • 1.47
Кыргызское национальное информационное агентство «Кабар»

Акылбек Жапаров: ЕАЭБ дүйнөлүк экономиканын негизги субъектисине айланууга жөндөмдүү

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. ЕАЭБ дүйнөлүк экономиканын негизги субъектисине айланууга жөндөмдүү жана акыркы он жылдыкта дүйнөлүк экономикалык мамилелерде калыптанган бурмалоолорду жана дисбаланстарды жоюуга салым кошо алат. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан биринчи Евразиялык экономикалык форумдун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы ЕАЭБ саясий биримдикке агылган экономикалык шериктештиктин үлгүсү болушу керектигин белгиледи.

Акылбек Жапаровдун сөзүнүн тексти тиркелет:

«Урматтуу форумдун катышуучулары, урматтуу коноктор.

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун жана жеке өзүмдүн атымдан ушул форумга кош келиңиздер деп айтууга уруксат этиңиздер!

Кыргыз Республикасы жана Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөлөрү үчүн ушундай маанилүү иш-чаранын ачылышында бардык катышкандарды жана онлайн кошулгандарды көргөнүмө кубанычтамын.

2021-жылы эле өз ара төлөмдөрдү улуттук валюта менен жүгүртүүгө өтүү тууралуу айткам. Өткөн окуялар 6-Кондратьев циклинин экономикасына өтүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүн сын көз караш менен ачып берди, мында нано-биотехнологиялар жана жаңы энергия, жаңы маалыматтык технологиялар жана албетте, адам ресурстары алдыңкы планга чыгат.

Батыштан чыгышка карай цивилизациялык жылыш бар. Экономикалык тартылуу борбору Азия континентине жылууда. Европага терезе жабылса, Азияга терезе ачылат! Биз өзүбүздүн Союз өзүнүн үстөмдүк позициясын ээлөөгө тийиш болгон мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрүүнүн күбөсө болуп олтурабыз.

Ааламдашуу шартында жана дүйнөлүк финансы-экономикалык тутумдагы кризистик көрүнүштөрдүн, ошондой эле анын баш аламан сакталышынын шартында интеграциялык процесстер болуп көрбөгөндөй актуалдуу жана маанилүү болуп баратат.

Биргелешкен аракеттер, жалпы кызыкчылыктар жана милдеттер менен бириккен мамлекеттер дүйнөлүк экономикада реалдуу артыкчылыктарга ээ болуу менен ийгиликтүү кадам таштоодо.

Биримдикке катышкан өлкөлөр үчүн өз ара пайдалуулугу айдан ачык. Бизде мындан аркы интеграция үчүн чоң потенциал бар. Союздук программалар интеграциянын негизги инструменттеринин бири болуп саналат.

Алар өндүрүштүк кубаттуулуктарды жүктөөгө, кошумча жумуш орундарын уюштурууга, ошондой эле дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө экспорттук жеткирүүлөрдү көбөйтүүгө мүмкүндүк берүүчү интеграцияны натыйжалуу өнүктүрүүдө. ЕАЭБ саясий биримдикке агылган экономикалык коомчулуктун үлгүсү болушу керек. Ошол эле учурда евразиялык интеграциялык долбоор үчүн өлкөнүн өндүрүүчүлөрүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу өз рыногун өнүктүрүү минималдуу милдет болуп саналат. Тышкы рынокто позицияларды бекемдөө болсо максималдуу милдет болуп саналат.

2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Биримдиктин ИДПсы 4,5%, курулуш тармагында кошумча дүң нарк 5%, айыл чарбасында 0,05%, өнөр жайда 4,1%, негизги капиталга инвестициялар 5,7%га өскөн. Беларусиянын, Казакстандын жана Орусиянын ИДПсы пандемияга чейинки деңгээлге жетип, 2021-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу тиешелүүлүгүнө жараша 2,3%, 4,0% жана 4,2%га өстү. Армения менен Кыргызстанда ИДП 4,1% жана 3,6% өстү.

Өз ара соода жүгүртүүдө оң тенденция байкалууда. 2021-жылдын аягында белгиленген тенденцияларды сактоо менен тышкы соодада экспорттун көлөмү (42,5%га өсүү) 2015-жылдан берки максималдуу мааниге ээ болгон 500 млрд АКШ долларына жетти, ал эми өз ара сооданын көлөмү (32,4%га өсүү) 70 миллиард АКШ долларынан ашып, жаңы тарыхый бийиктикке жетти.

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин соода агымынын багыты кайра байкалууда. ЕАЭБтин тышкы соода жүгүртүүсүндөгү Евробиримдиктин үлүшү 2015-жылдагы 46,2%дан 2020-жылы 36,7%га кыскарган. ЕАЭБтин тышкы соода жүгүртүүсүндөгү Азия-Тынч океан Экономикалык Кызматташтык (АТЭС) жана Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн үлүшү, тескерисинче, бул мезгилде 29,6%дан 36,4%га жана тиешелүүлүгүнө жараша 16,3%дан 24,1%га өстү.

2021-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө бюджеттин балансынын жакшыруусу байкалган.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде тартыштыкты кыскартууга жана бюджеттин профицитинин калыптанышына мамлекеттик чыгымдардын орточо өсүшүнүн фонунда бюджеттин кирешелеринин интенсивдүү өсүшү өбөлгө түздү. 2021-жылы катышуучу-өлкөлөрдүн улуттук валюталарынын АКШ долларына карата алмашуу курсу пандемияга чейинкиден жогорку деңгээлде сакталган.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары тарабынан бекитилген экономикалык өнүгүү максаттарына жетүү үчүн, башка нерселер менен катар улуттук экономикага тартылбаган өндүрүштүк кубаттуулуктардын резервдерин пайдалануу менен инвестициялык жана инновациялык ишмердүүлүктү каржылоону кеңейтүүгө көмөктөшүү маанилүү көрүнөт.

Экономиканын өнүгүү деңгээлине жакындашынын негизги шарты болуп туруктуу өсүү темптерине жетишүү саналат. Бул технологияларды жана өндүрүштү өткөрүп берүүнүн эсебинен жаңы технологиялык тартиптин прогрессивдүү өндүрүшү өнүккөн өлкөлөрдөн салыштырмалуу азыраак өнүккөн өлкөлөргө которуунун эсебинен жаңы технологиялык тартиптин прогрессивдүү өсүшүнүн фазасында мүмкүн. Ошол эле учурда технологияларды натыйжалуу өздөштүрүүнүн шарты катары технологиялардын деңгээлине ылайык келген жетиштүү техникалык жана билим берүү деңгээли саналат.

Ошентип, 2025-жылга чейин ЕАЭБди өнүктүрүүнүн стратегиялык, интеграциялык жаңы багыттары – илимий кызматташтык жана билим берүү болуп саналат. Ошондой эле экономикалык өсүшкө жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө, инвестицияларды жана инновацияларды түзүүгө көмөктөшүү өтө маанилүү көрүнөт. Ошону менен бирге макроэкономикалык саясаттын милдети инвестициялык жана инновациялык активдүүлүктү жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.

ЕАЭБдин 2030-жылга чейинки экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттарына ылайык, мүчө мамлекеттерди жана ЕАЭБти өнүктүрүүнүн максаттуу сценарийин ишке ашырууда Союздун аймагында «Өздүк күч борборун» түзүүнү карайт. “Күч борбору” инновацияларды, инвестицияларды, жогорку квалификациялуу кадрларды жана дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияларды өндүрүүнү тартуу борбору болот . Мындай өнүгүү векторун «мүмкүнчүлүктөрдүн терезелерин» издөөгө жана жаңы атаандаштык артыкчылыктарды түзүүгө негизделген «жогорку эл аралык атаандаштыктын сценарийи» катары мүнөздөөгө болот. Бул биримдиктин мүчө-мамлекеттеринин экономикалык өсүшүнүн «сапатын» жогорулатуу үчүн узак мөөнөттүү келечекте шарттарды калыптандырууну, дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн алдыда тынымсыз өнүгүүгө жөндөмдүү «билим экономикасын» курууну билдирет.

Урматтуу коноктор,

Белгилүү болгондой, Форумдун программасы абдан бай: мамлекет башчыларынын катышуусунда пленардык жыйын өткөрүү пландаштырылууда; ар түрдүү багыттагы темалардан турган алты панелдик талкуу, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин агроөнөр жайынын мыкты продукцияларынын көргөзмөсү.

Талкуулардын жүрүшүндө дүйнөлүк экономикадагы глобалдык өзгөрүү доордоунда биздин Союздун мындан аркы өнүгүшүнө таасир этүүчү эң маанилүү маселелер талкууланат деп ишенем.

Мындан тышкары, Стратегия – 2025тин негизинде ЕАЭБде кызматташуунун жаңы багыттары жана максаттары козголуп, Биримдиктин ички рыногун өнүктүрүү жолдору, көйгөйлөр жана андагы тоскоолдуктарды жоюу механизмдери талкууланат.

Бир тараптуу чектөөлөрдүн шартында биздин Союзда өнөр жай жана агроөнөр жай комплексин эффективдүү өнүктүрүү, импортту алмаштыруу жана кооперациялык байланыштарды түзүү маселелерин чечүү биринчи кезектеги милдет болуп саналат.

Евразиялык интеграциянын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерин талкуулоо да кызыктуу болот деп ойлойм. Бул бизге экспорттук зор потенциал ачууга жана биздин продукциянын жаңы рынокко чыгуусуна көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет.

Кошумчалай кетсек, бүгүн биз “Евразиячыл” идеясын жайылтуу, аны кеңири коомчулукка таратуу боюнча талкууну ачабыз.

алкагындагы талкуулардын маанилүү компоненти болуп ЕАЭБтин иштешине жаштарды кеңири тартуу жагынан евразиялык интеграциянын жаңы багыттарынын бири болгон Жаштардын темаларын талкуулоо саналат;

Суверендүүлүктү камсыз кылуу жана экономиканы турукташтыруу үчүн ЕАЭБдин интеграцияланган валюта рыногун түзүү сыяктуу башка маанилүү темаларды талкуулоо сунушталды; ЕАЭБдин бирдиктүү эмгек рыногуна квалификациялуу кадрларды даярдоо үчүн илимий окуу жайларды жана окуу жайларды билим берүү рдымекемелерин түзүү; Биримдиктин аймагында электрондук соода жүгүртүүнү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, Түштүк Америкадан Түштүк-Чыгыш Азияга чейинки чет мамлекеттер, интеграциялык аймактык бирикмелер менен байланыштардын географиясын кеңейтүү маселеси да маанилүү.

“Дүйнөлүк өзгөрүүлөрдүн доорундагы евразиялык экономикалык интеграция. Инвестициялык жигердүүлүктүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү” деген аталыштагы Форумдун темасын эске алуу менен –интеграцияны өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын жана багыттарын талкуулоо, ошондой эле Биримдиктин туруктуу прогрессивдүү өнүгүүсү үчүн биздин экономикалардын резервдерин аныктоо зарыл.

Урматтуу катышуучулар,

Биримдик ага мүчө өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсү үчүн кеңири перспективаларды ачат, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо процессинде кошумча атаандаштык артыкчылыктарды түзөт.

Илимий-техникалык, өндүрүштүк база, жогорку билимдүү жана квалификациялуу адам ресурстары бул биримдиктин мүчөлөрүн өзүн-өзү камсыз кылуу үчүн жетиштүү, бул мындан ары биздин балдарыбыздын, келечек муундарыбыздын бакубат жана туруктуу, жаркын келечегин камсыз кылат деп ишенем. ЕАЭБдин кеңейиши менен ал дүйнөлүк экономиканын негизги субъектисине айланууга жөндөмдүү жана дүйнөлүк экономикалык мамилелерде акыркы он жылдыкта калыптанган бурмалоолорду жана дисбаланстарды жоюуга жардам берет. Ошентип, евразиялык интеграциялык долбоордун сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгышы башка кызыкдар мамлекеттерди магнит сыяктуу өзүнө тарта турган мисалды түзө алат. Ошентип, биримдиктин прогрессивдүү жана туруктуу өнүгүүсү бүткүл дүйнөлүк экономиканын туруктуулугуна олуттуу салым кошот деп ишенем.

Биримдиктин геосаясий уюлга айланышы үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар.

Биз өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана өнөктөштүктүн гана эмес, жанаша жашаган этникалык топтордун, түрдүү маданияттардын, диндердин кемчиликсиз жана ийгиликтүү моделин түзүшүбүз керек, анткени бизди жалпы адамзаттык баалуулуктар гана бириктирет».

Пикир

Оставить комментарий