• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров ЕАЭБ жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына келди

Өкмөт 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Минск шаарына (Беларусь Республикасы) жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Эки күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысынын төрагалыгы астында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт.

Акылбек Жапаров ошондой эле Минск шаарындагы Жеңиш монументине гүлчамбар коюу аземине катышат, «Великий камень» Кытай-Беларус индустриалдык паркына барат, мындан тышкары бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий