• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Акылбек Жапаров ЕАЭБ жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына учуп кетти

Өкмөт 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына (Беларусь Республикасы) учуп кетти.

Делегациянын курамы:

  • Адылбек Касымалиев – министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
  • Эрмек Ибраимов – Кыргызстандын Беларустагы элчиси;
  • Азамат Жаманкулов – КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
  • Талантбек Иманов – КР санариптик өнүктүрүү министри;
  • Заир Чокоев – КР Улуттук банкынын төрагасынын орун басары;
  • Айбек Айдарбеков – президенттин администрациясынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
  • Элдар Алишеров - КР президентинин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын Евразия экономикалык биримдигинин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы;
  • Нурдин Алишеров – КР айыл чарба министринин биринчи орун басары;
  • Вероника Исаева – КР экономика жана коммерция министринин орун басары.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-21-июнунда Минск шаарында (Беларусь Республикасы) Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн, интеграциялык бирикменин байкоочу мамлекеттеринин өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышат.

Күн тартибинде электрондук соода, бажы кызматташтыгы маселелерин талкуулоо, мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчет каралган.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчылары ошондой эле товарларды идентификациялоо жолу менен маркировкалоону киргизүү, өнөр жайдын артыкчылыктуу жана жогорку технологиялуу тармактарында кызматташуу жана импортту алмаштыруу боюнча комиссия түзүү, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатындагы биргелешкен аракеттеринин программасын талкуулашат.

Пикир

Оставить комментарий