• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Акылбек Жапаров ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышууда

Саясат 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Минск шаарында министрлер кабинетинин төрагасы – КР президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин тар курамдагы жыйыны башталды.

Маалыматка ылайык, Беларустун премьер-министри Роман Головченко жана делегация башчылары менен жолугушуу жана сүрөткө түшүү аземинен кийин тар курамдагы жолугушуу башталды.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө министрлер кабинетинин башчысы беларус тарапка меймандостугу жана жогорку деңгээлдеги жолугушууну уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Өтүп жаткан жыл Евразиялык экономикалык биримдиктин 10 жылдыгын белгилөөнүн алкагында окуяларга бай болот. Белгилей кетсек, Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында 26-майда Бишкекте биринчи Евразиялык экономикалык форум өтүп, анын жыйынтыгында көптөгөн келишимдерге кол коюлган. Анын жыйынтыгын биргелешип ишке ашыра баштайбыз деп ишенем», - деди ал.

Андан ары жыйын жабык эшик артында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий