• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров: Борбору Жалал-Абадда жайгашкан экинчи экономикалык түйүндү түзүү боюнча иш жүрүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Биз токтоп турган ишканаларды сатуу саясатынан алыспыз. Майлуу-Суудагы лампа заводун кайтарып, аны реанимациялоо боюнча 1 млрд сомго бизнес-долбоорду бекиттик. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.

Ал ошондой эле батыштан чыгышка цивилизациялык жылышуу болуп жатканын, экономикалык борбор Азия континентине өтүп жатканын кошумчалады.

"Эгерде Европага терезе жабылса, биз Азиянын дарбазасын ачууга даярбыз. Кыргызстан 3 кубаттуу цивилизациянын: Россия аркылуу Европанын, миңдеген калкы бар Кытайдын жана Ислам өлкөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан өлкө. Биз батыш цивилизациясын эстен чыгарбашыбыз керек, ал бизди узак убакыт бою молчулук, мыйзамдуулук жана тартип аркылуу кызыктырып келет. Биз өзүбүздүн саясатыбызды улуттук кызыкчылыкка негиздейбиз», - деди Акылбек Жапаров жана борбору Жалал-Абад шаарында жайгашкан өнүгүүнүн таяныч пунктун – экинчи экономикалык түйүндү түзүү боюнча иш жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

"Электр энергиясын иштеп чыгуунун үчтөн эки бөлүгү Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу жана темир жол түйүнү (Балыкчы – Кара Кече – Жалал-Абад) Жалал-Абад облусуна туура келет”, - деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин башчысы.

Пикир

Оставить комментарий