• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Акылбек Жапаров: КР жана Түркия президенттери тарабынан соода жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү милдети коюлду

Экономика 0

Бишкек, 12.06.21. /Кабар/. «Эки өлкөнүн президенттери тарабынан соода жүгүртүүнү 1 миллиард АКШ долларына жеткирүү боюнча конкреттүү милдет коюлду», — деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — КР экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына расмий сапарынын жыйынтыгына комментарий берип жатып.

Анализдердин натыйжалары боюнча өткөн жылы пандемияга карабастан, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү 507 миллион долларды түздү.

«Кыргыз-түрк өнүктүрүү фондун түзүү маселесин караштыруу зарылдыгы жөнүндө принципиалдуу чечим кабыл алынды. Азыр уставдык капиталдын суммасы жана акча каражаттары кайда жумшалары боюнча конкреттүү долбоор иштелип чыгууда», — деп кошумчалады Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары, министр Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйынын өткөрүү күтүлүп жатканын белгиледи.

«Кыргыз тарапты Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, ал эми түрк тарапты Түркиянын вице-президенти Фуат Октай жетектейт. Ал жерде биз мамлекет башчыларынын бардык тапшырмаларынын аткарылышын так, деталдуу иштеп чыгабыз. Бул биздин экономикабызга абдан жакшы түрткү болот деп ишенем. Анан биз маселелерди иштеп чыгып, коюлган максатка жете алабыз», — деп кошумчалады экономика жана финансы министри.

Ошондой эле ал жакынкы аралыкта Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда Өз ара аракеттенүү корпусун түзүү боюнча Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын кароосуна сунуш киргизилерин белгиледи.

«Мындай тажрыйба Өзбекстанда бар. Биз дал ушундай багытта иштөөнү чечтик. Эми мен ай сайын онлайн режиминде жолугушуу өткөрүп, мамлекет башчыларынын тапшырмаларынын аткарылышын көзөмөлдөп турам. 1 миллиард долларлык соода жүгүртүүгө жетишүү үчүн бир-эки жыл талап кылынат деп ойлойм», — деп жыйынтыктады экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун расмий иш сапарынын алкагында экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Түркиянын каржы жана казына министри Лүтфи Элван, ошондой эле Түркиянын өнүктүрүү боюнча финансы институттарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Пикир

Оставить комментарий