• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акылбек Жапаров Экономика министрлигинин аткаруучулук тартип боюнча ишин сынга алды

Өкмөт 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын коллегиясын өткөрдү.

Кеңешменин күн тартибинде 4 маселе белгиленген, атап айтканда, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин жана финансы министри Алмаз Бакетаевдин баяндамалары (Президенттин жарлыктарын жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткаруу боюнча) угулду.

Министрлер кабинетинин башчысы министрлердин отчетторун уккан соң Экономика жана коммерция министрлигинин аткаруучулук тартип боюнча ишин сынга алды.

«Эмне себептен аткаруу мөөнөттөрү бузулган каттардын саны көп болууда. Орун басарларыңыздар эмне иш кылууда, аларга жүктөлгөн милдеттерди аткара алышпаса, алардын санын кыскартуу керек», - деди Акылбек Жапаров жана аткаруучулук тартипти күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

«Сиздерде февраль айынын соңуна чейин убакыт бар», - деди Акылбек Жапаров.

Андан соң 2022-жылга Антикризистик чаралар планынын аткарылышы боюнча баяндама угулду.

Белгиленгендей, 51 иш-чаранын 46сы аткарылган.

Маселен, Антикризистик чаралар планынын пункттарынын бири катары жөлөкпулдарды көбөйтүү белгиленген, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чаралар каралган.

Аталган чаралар толугу менен ишке ашырылды. Министрлер Кабинетинин башчысы пландын аткарылбай калган пункттары 2023-жылга которулганын айтып, алардын аткарылышынын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий