• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Акылбек Жапаров экономикага ӨК режимин киргизүү тууралуу: Бир дагы жаңы салык болбойт, коюмдар өзгөрбөйт

Экономика 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Өлкөнүн экономикасына өзгөчө кырдаал киргизүүдө бир дагы жаңы салык киргизилбейт жана коюмдар (ставка) өзгөртүлбөйт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров журналисттерге билдирди.

«Биз пландалган иш-чараларды жүргүзүп жатабыз, анын алкагында кайсы мыйзамга кандай өзгөртүү киргизүүгө боло тургандыгын карайбыз. Тилекке каршы айрым ассоциациялардын өкүлдөрү, бизнес-коомчулук муну терс кабыл алышууда. Бүгүн ишкерлер менен жолугушуу болот. Белгилеп кетким келет, бир дагы жаңы салык болбойт, ставкалар өзгөрбөйт, бирок өкмөттүн токтому менен биз милдеттүү жана ыктыярдуу патенттердин ыкмаларын жөнгө салабыз. Тилекке каршы, 10 жылдан ашык убакыттан бери биз дээрлик бардык мыйзамдарда ар бир кадам парламенттин же комитеттин макулдугу менен ишке ашат деп жаздык жана өкмөт аткаруу бийлиги болбой калды. Азыр прламент эс алууга кетти, андан кийин шайлоо болот, ага ылайык 4-5 айдай эч кандай өзгөрүү болбойт. Ал эми баарыбыз билгендей экономикалык каатчылык күчөп жатат, продукты жана башка товарлардын баасы өсүүдө, өкмөт тынчсызданып, ушул көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылууда. Парламент эс алып жатканда биз бош отурбоо үчүн ушундай чараларды көрүп жатабыз”,-деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары бизнестин тынчсыздануусу куру бекер деп ишендирди.

Мындан мурда, 29-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар "Экономикада өзгөчө кырдаал чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, кабыл алышкан. Мыйзам долбоордун демилгечиси министрлер кабинетинин төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий