• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Акылбек Жапаров эмдиги жылы казынаны 400 млрд сомго жеткирет. Болбосо чара көрүлөт — президент

Президент 0

Бишкек, 12.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагалыгына Акылбек Жапаровдун талапкерлигин сунуштап, анын себебин түшүндүрдү.

Мамлекет башчысы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жасады.

“Эмне себептен алмаштырды деген суроолор жаралат. Ар бир мамлекеттин эң негизги көйгөйү – бул казынаны толтуруу. Казына көбөйсө, элдин жашоосу жакшырат, пенсия-жөлөкпулдар, эмгек акылар көтөрүлөт, инфраструктура жана башка тармактар жакшырат. Мына ошондо гана күчтүү мамлекет боло алабыз. Акылбек Жапаров: “Быйыл казынаны 280 миллиард сом менен жапсам, эмдиги жылы 400 миллиард сомго жакындатам” деп сөз берди. Эгер ага жеткире албаса, анда чара көрөм. Ошондуктан ал кишини азырынча сындабай, төрагалык кызматка коюп, убакыт берели”, - деп жазган өлкө башчысы.

Садыр Жапаров сунуштаган талапкеринин иштерин текшерип турганга күчү да, убактысы да жетерин маалымдады.

“Анын мурдагы ишмердиги кандай болгонуна баа берип, “ичкен-жеген” деп сындап жаткан жарандарыбызга айтаарым, менин убагымда анын ар бир баскан-турган кадамы, кыймыл-аракети толук жеке көзөмөлүмдө болот. Менин көзөмөлүмдүн астында “Кумтөр” маселесин бүтүрдү. Быйылкы бюджетти турукташтырды. Казынага 24 миллиард сом кошумча акча түштү. Жетим-жесирлердин жөлөкпулдарын 100 пайызга чейин көтөрүп жатабыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий