• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Акылбек Жапаров «Эти Бакыр Терексай» тоо-кен ишканасынын жетекчилиги менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Эти Бакыр Терексай» тоо-кен ишканасынын башкы директору Вели Гёкдере менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ишкана жетекчиси билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика ишке берилет.

Жолугушууда кыргыз-түрк ишканасынын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде экологиялык талаптардын жана социалдык милдеттенмелердин аткарылышы талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Маалымдама: Терек-Сай кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан. «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы – биргелешкен ишкана, капиталынын 25%ы – «Кыргызалтын» ААКсына, 75%ы «Эти Бакыр» түрк компаниясына тиешелүү. Ишканада 800дөн ашуун кыргызстандык жаран эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий