• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Акылбек Жапаров “Эти Бакыр Терексай” тоо-кен ишканасынын жетекчилиги менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 05.06.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Эти Бакыр Терексай” түрк компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Шереф Дженгиз баштаган ишкананын өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушууда кыргыз-түрк ишканасынын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде экологиялык талаптардын жана социалдык милдеттенмелердин аткарылышы талкууланды.

Ишкана жетекчилиги министрлер кабинети тарабынан компаниянын Тереккан, Перевальное алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин иштетүү боюнча ишмердүүлүгүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Тереккан, Перевальное жана Терек кендерин иштетүү боюнча долбоорду мындан ары ишке ашыруу максатында КР министрлер кабинети, “Eti Bakir” акционердик коому жана “Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коому ортосунда Инвестициялык макулдашууга кол коюлду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Маалымат үчүн: “Терек-Сай” кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан. Ишканада 500дөн ашуун кыргызстандык жаран эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий