• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров: ЕАЭБ 9 жыл ичинде өзүнүн чоң интеграциялык потенциалын көрсөттү

ЕАЭБ 0

Бишкек, 08.06.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Сочи шаарына (Россия Федерациясы) болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген форматтагы жыйынына катышты.

Өз сөзүндө МинКаб Төрагасы белгилегендей, “Евразия экономикалык биримдиги 9 жыл ичинде өзүнүн актуалдуулугун, натыйжалуулугун жана эң негизгиси интеграциялык чоң потенциалын көрсөттү, бул үчүн шарттарды түзүү боюнча биздин жалпы күч-аракетибизди бириктирип, экономиканын туруктуу өнүгүшү жана бизнес үчүн жагымдуу чөйрө, жарандарыбыздын бакубаттуулугун жогорулатты”.

“Биз бизнес үчүн мыкты атаандаштык артыкчылыктарды, ошондой эле бүткүл евразиялык мейкиндикте жарандарыбыздын жашоосу жана иштеши үчүн мыкты шарттарды түзүүгө мындан ары умтулушубуз керек”, - деген Акылбек Жапаров, интеграциялык бирикменин алкагында экономикалык өнүгүүнүн айрым көрсөткүчтөрүнө токтолду.

“Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан транспорт коридорлорунун жаңы инфраструктурасын, атап айтканда Түндүк-Түштүк жана Чыгыш-Батыш багыттарын өнүктүрүү зарылчылыгы белгиленди. Бүгүнкү жыйындын алкагында биз 2022-жылга карата бул иштин жыйынтыгын, анын ичинде Кытайдын “Бир алкак, бир жол” демилгесин карап жатабыз”, - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле жыйындын жүрүшүндө кол коюлган Биримдикке мүчө-мамлекеттерде илимий даражалар боюнча документтерди өз ара таануу жөнүндөгү макулдашуунун маанилүүлүгүн белгилеп, бул документ 9 жылдан бери даярдалып жатканын кошумчалады.

“II Евразия экономикалык форумдун пленардык жыйынында жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан, баардык 5 өлкөнүн жарандары үчүн эң жакшы шарттарды түзүү зарылчылыгына өзгөчө басым жасалган, бул Биримдиктин каалаган мамлекетине келгенде жарандар өздөрүн өз үйүндө жүргөндөй ыңгайлуу сезип, иштеп, окуп же бизнес жүргүзө алышат. Мен бул пикирди толугу менен колдойм жана ал биздин интеграциялык бирикменин маанилүү элементтеринин бири болуп калышы керек деп эсептейм”, - деп жыйынтыктады МинКаб Төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий