• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акылбек Жапаров: Евразия өлкөлөрү жана Европанын каржы институттары Кыргызстанга каржылоону эки эсе көбөйтүүгө даяр

Өкмөт 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Евразия өлкөлөрү жана Европанын каржы институттары Кыргызстанга каржылоону эки эсе көбөйтүүгө даяр. Бул тууралуу КР президентинин администрациясынын жетекчиси – министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан «StrategEast: «Мамлекет жана IT» евразиялык форумунун алкагында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын өкмөтү ар бир өлкө үчүн эл аралык санариптик чөйрөдө атаандашуу, табылган ордун сактап калуу жана атаандаштык артыкчылыктарды коргоо кыйла татаал экенин ачык түшүнөт.

“Биз санариптик трансформациянын аймактык аспектисин ишке ашыруу боюнча иштерди баштадык. Борбордук Азия аймагында бир катар артыкчылыктар бар, жакында эле “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” биринчи экономикалык форумунун алкагында бир катар Европа өлкөлөрү жана Европанын Эл аралык каржы институттары Кыргызстанга каржылоону эки эсеге көбөйтүүгө даяр экендиктерин жарыялашты”, - деди ал.

Жапаров ошондой эле Кыргызстан төмөнкү багыттарды – жашыл экономика, креативдүү экономика жана санариптик технологияларды алууга даяр экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, «StrategEast: «Мамлекет жана IT»форумуна дүйнөлүк жана Кыргызстандын IT индустриясынын лидерлери, Евразия мамлекеттеринен, Чыгыш Европанын жана Борбордук Азиянын IT-ассоциацияларынын жетекчилери, АКШдан, Европа Биримдигинен IT тармагын өнүктүрүүгө жооптуу расмий өкүлдөр, 50дөн ашык эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Аталган форум жылына бир жолу евразия өлкөлөрүнүн биринде өтүп, өкмөттөр менен IT тармагынын лидерлеринин диалогу үчүн аянтча катары кызмат кылат.

Пикир

Оставить комментарий