• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акылбек Жапаров Финансы министрлигинде кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 12.03.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигинде жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Жыйындын жүрүшүндө республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча маселелер талкууланды.

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын апрель айында социалдык тармактагы кызматкерлердин эмгек акысынын өлчөмү жогорулашы, ошондой эле жакынкы айларда айрым социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн жогорулатуу күтүлүүдө. Бул максаттарга мамлекеттик чыгымдардын көбөйүшүн, ошондой эле өлкөдө жана дүйнөдө түзүлүп жаткан экономикалык кырдаалды эске алуу менен кецешменин катышуучулары кризиске каршы чараларды талкуулашты.

Кеңешменин жыйынтында Финансы министрлигине бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий