• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров япон ишкерлери менен тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тоо-кен тармагындагы дүйнөлүк долбоорлордун жетекчиси, унаалар үчүн призмалык литий-иондук аккумуляторлорду чыгарууга адистешкен “Prime Planet Energy & Solutions” компаниясынын кеңешчиси Накаба Чимура башында турган Япония мамлекетинин делегациясы менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун, өзгөчө тоо-кен тармагындагы маселелерди талкуулашты.

Мындан улам Акылбек Жапаров И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында тоо-кен тармагын изилдөө боюнча кыргыз-япон факультетин ачууга кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде, Накаба Чимура тоо-кен тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп, бул багытта Кыргызстандын чоң потенциалын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий