• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров Японияда ЕӨРБнын президенти Одил Рено-Бассо менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Японияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын (ЕӨРБ) президенти Одиль Рено-Бассо менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу колдоо көрсөтүп, Кыргызстандын маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшү болуп саналат.

“Көрүлгөн жана ишке ашырылып жаткан чаралар ата мекендик экономикага глобалдык факторлордун терс таасирин жумшартууга гана эмес, өлкөнүн экономикасынын өсүшүн камсыз кылууга да мүмкүндүк берди. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин ички дүң продукт 7 % өсөт деп күтүп жатабыз, 2023-жылы өлкөнүн консолидацияланган бюджети болжол менен 503 миллиард сомду түзөт. Эки жыл мурда бул көрсөткүч болгону 247 миллиард сомду түзгөн. Биз кийинки жылга маанилүү реформаларды пландаштырдык, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагында да. Ошол эле учурда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында 2023-жылы 20 заманбап ооруканаларды жана бир нече ондогон жалпы билим берүүчү мектептерди курууну пландап жатабыз. Бул оң демографиялык динамиканы эске алуу менен алардын жетишсиздиги көйгөйүн чечүү үчүн. Биз адамдык капиталды өнүктүрүүгө инвестиция салууга даярбыз. Бул контекстте биздин максаттарыбызга жетүү үчүн Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын колдоосун күтөбүз”, - деп баса белгиледи ал.

Өз кезегинде Одиль Рено-Бассо өзү жетектеген каржы институту Кыргызстан менен кызматташууну прогрессивдүү өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

“Энергетика биздин эки тараптуу кызматташуубуздун негизги тармактарынын бири. Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетика тармагында бир катар долбоорлор ишке ашырыла баштагандыгы тууралуу кабарды позитивд кабыл алдык. Биз энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл бурушубуз керек. Бул үчүн биздин каржы институтубуз күндүн жана шамалдын энергиясына негизделген келечектүү долбоорлорду каржылай алгыдай кылып, учурдагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү зарыл. Мындан тышкары, транспорт тармагындагы кызматташуу, кичи жана орто бизнести колдоо, жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара аракеттенүү маанилүү багыт болуп саналат”, - деди Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын президенти.

Акылбек Жапаров 2022-жылдын жазында Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү фонду түзүлгөнүн билдирди.

“Биз ички туризмди өнүктүрүүгө чоң салым кошо ала турган 2 ири долбоорду даярдадык. Кеп Бишкек шаарынын жанында 101 миллион АКШ долларына лыжа туризми кластерин жана Ысык-Көлдүн жээгинде эл аралык спорт лагерин куруу долбоору тууралуу болуп жатат, ага инвестициянын көлөмү болжол менен 78 миллион АКШ долларын түзөт. Бул ишке ашырууга даяр эки гана долбоор. Биз жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган дагы көп долбоорлорду даярдоонун үстүндө иштеп жатабыз. Дүйнөдө болуп жаткан акыркы окуялардын контекстинде биз “санариптик көчмөндөрдүн” иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүүгө да чоң көңүл буруп жатабыз”, - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Пикир

Оставить комментарий