• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акылбек Жапаров Японияда кыргызстандык дзюдочулар менен жолукту — сүрөт

Спорт 0

Бишкек, 02.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Японияда кыргызстандык дзюдочулар менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын дзюдо федерациясынан билдиришти.

Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасы Япониянын Токио шаарындагы “Чоң шлем” эл аралык мелдешке катышууда.

Курама командасынын тизмеси:
60 кг - Темиркул Бердибеков жана Ханболот Ырысбеков;
73 кг - Ратбек Жуманазаров жана Чыңгызжан Сагыналиев;
81 кг - Асад Масабиров;
90 кг - Эрлан Шеров, машыктыруучу Сергей Кладнов.

Эскерте кетсек, учурда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Японияда жумушчу сапары менен жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий