• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров Япониянын эл аралык кызматташтык банкынын башкаруучусу менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 30.11.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Японияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Япониянын эл аралык кызматташтык банкынын (Japan Bank for International Cooperation, JBIC) башкаруучусу Нобумицу Хаяси менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен басма сөз кызматынан билдиришти.

Акылбек Жапаров Кыргызстан Япония менен бардык багыттар боюнча өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого, анын ичинде Япониянын эл аралык кызматташтык банкы сыяктуу абройлуу каржы институттарын тартууга позитивдүү ниетте экенин баса белгиледи.

«Чет элдик инвестицияларды тартуу жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү туруктуу экономикалык өсүү жана жакырчылыкты кыскартуу жолунда Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатынын негизги приоритети болуп саналат. Өлкөнү 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп экономиканы либералдаштыруу, салыктык башкарууну жана инвестициялык мыйзамдарды өркүндөтүү саналат. Бул контекстте япониялык компаниялардын ишмердүүлүгү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыштарды өнүктүрүү абдан маанилүү», - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы азыркы дүйнөлүк экономикалык кырдаалды, көптөгөн энергия булактарынын тартыштыгын жана кымбаттыгын эске алуу менен, салттуу булактарга салыштырмалуу энергиянын кайра жаралуучу булактары көбүрөөк орун алып жатканын белгиледи.

«Суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу максатында биргелешип ишке ашыруу үчүн биз энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду карап чыгууну сунуштайбыз. Министрлер Кабинети финансы институтуна транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндө оң мультипликативдик эффект бере турган ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселесин карап чыгууну сунуштайт», - деп Акылбек Жапаров сөзүн жыйынтыктады.

Министрлер кабинетинин башчысына кайрылып, Япониянын эл аралык кызматташтык банкынын башкаруучусу Нобумицу Хаяси каржы институту Кыргыз Республикасы менен өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экенин белгиледи.

«Негизги тапшырма - жапон компанияларын Кыргызстандын рыногуна чыгууга кызыктыруу. Эртеңки Борбордук-Азиялык инвестициялык форум дал ушул максатка жетүүгө багытталган. Алдыда боло турган форум өзүнүн оң натыйжасын бериши үчүн биргелешкен күч-аракетти жумшообуз керек», - деди ал.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Нобумицу Хаяси энергетика жана азык-түлүк бааларынын жогорулашына байланыштуу Кыргыз Республикасындагы макроэкономикалык кырдаалды турукташтырууга мүмкүндүк берген Министрлер Кабинетинин аракеттерин колдоорун билдирди.

Маалымат үчүн: Япон эл аралык кызматташтык банкы Япония Өкмөтүнө тиешелүү.

Финансылык мекеменин негизги максаты - чет өлкөлүк инвестиция үчүн ресурстар менен камсыз кылуу жана эл аралык сооданы өнүктүрүү аркылуу Япония менен чет мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү. Банк Япониянын экспортун жана импортун, өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүн өнүктүрүүдө да маанилүү роль ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий