• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Акылбек Жапаров Япониянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 25.06.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Япониянын Кыргызтандагы элчиси Маэда Сигекини кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде тоо-кен ишканаларынын продукцияларын кайра иштетүү, машина куруу жана экологиялык коопсуздук жана IT-технологиялар жаатындагы маселелерди талкуулашты.

Акылбек Жапаров Кыргызстан Япониянын ири компанияларын ички рынокко тартууга кызыкдар экенин белгиледи.

«Биздин өлкөнүн транзиттик потенциалы чоң, анткени биз 1,5 миллиард Кытай жана 40 миллион калкы бар Өзбекстан менен чектешебиз. Бул чоң базар. Биз өлкөгө жапон технологияларын алып келүү үчүн франшизаны ишке киргизүүгө, иштеп чыгууларга укуктарды сатып алууга даярбыз», — деди Акылбек Жапаров.

Тараптар Япония өкмөтү ишке ашырып жаткан «Бир айыл – бир продукт» долбоорун да талкуулашты.

Акылбек Жапаров бул долбоорду кеңейтип, мамлекеттик деңгээлде ишке ашырууну сунуштады.

Өз кезегинде Маэда Сигеки бул долбоор боюнча министрлер кабинетинин айткандарын колдоп, ал Японияда 42 жылдан бери ийгиликтүү ишке ашып жатканын белгиледи.

Ал ошондой эле КР президентинин жана министрлер кабинетинин жүргүзүп жаткан аракеттерине жана реформаларына жогору баа берип, аларды ишке ашырууга элчилик көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий