• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Акылбек Жапаров илим, инновация жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров илим, инновация жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага илим жана инновация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери, академиялык жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Жыйындын катышуучулары КР Улуттук илимдер академиясынын институттарын өлкөнүн жогорку окуу жайлары менен интеграциялоо, жогорку окуу жайларында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана окуу процессин эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү маселелерин талкуулашты.

Акылбек Жапаров баса белгилегендей, өлкө жетекчилиги билим берүү, илим жана медицина сыяктуу тармактарга мамлекеттик колдоону күчөтүүнү көздөп жатат.

«Мамлекет илимди каржылоону олуттуу түрдө көбөйтөт, бирок бул каражаттар эң натыйжалуу пайдаланылышы керек, ал эми илимий изилдөөлөр натыйжага жете турган мүнөздө болуп, экономиканын өсүшүнө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга олуттуу салым кошуусу зарыл», - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине илим, инновация жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин кезектеги жыйындарынын биринде билим берүү жана илимди өнүктүрүү боюнча программалардын карала турган бир нече варианттарын иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий