• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров Индиядан келген инвесторлордун делегациясын кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Индиядан келген инвесторлордун делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар медициналык кызмат көрсөтүү системасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн, атап айтканда, медициналык камсыздоонун жаңы системасын калыптандыруу маселесин талкуулашты.

Инвесторлор белгилегендей, сунушталып жаткан медициналык камсыздоо системасы, биринчи кезекте, каржылоо жагынан айырмаланат, ага медициналык кызмат көрсөтүү гана эмес, медициналык мекемелерди оңдоо, жабдууларды сатып алуу жана чет элдик кесиптештер менен тажрыйба алмашуу аркылуу медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу да камтылат.

Пилоттук долбоор катары 4 оорукана тандалып алынат, анда аталган система ишке киргизилет.

Министрлер кабинетинин башчысы инвесторлорду уккан соң КР саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатыровага сунушталып жаткан долбоорду дыкат иликтеп чыгууну, ошондой эле аны ишке ашыруу, анын ичинде 4 пилоттук долбоордун алкагында баштапкы этапта ишке киргизүү боюнча сунуштарды берүүнү тапшырды.

Акылбек Жапаров бул система аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана калктын социалдык жактан аяр катмары үчүн мүмкүн болушунча ийкемдүү жана жеткиликтүү болушу керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий