• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров: Ири дистрибьюторлор жана нефтетрейдерлер менен тыгыз кызматташабыз

Өкмөт 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Азык-түлүктүн баасынын көтөрүлүшү боюнча өз убагында жана пландаштырылган иштер жүрүп жатат. Россия Федерациясынан бензинди жана дизелдик отунду алымсыз ташып келүүнүн көлөмү көбөйтүлдү, көмүргө, кумшекерге жана өсүмдүк майына бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди, ун комбинаттары кошумча нарк салыгынан жана сатуудан алынуучу салыктан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы кошумчалагандай, Казакстанды кошпогондо, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы Евразия экономикалык биримдигинин башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу орточо жана туруктуу.

«Биз ири дистрибьюторлор жана нефтетрейдерлер менен тыгыз кызматташабыз. Ички рынокто бааларды колдоо үчүн үч айга (июль, август, сентябрь) бензин жана дизелдик күйүүчү майларды алымсыз ташып келүүнүн көлөмүн 40 миң тоннадан 60 миң тоннага чейин жогорулатуу боюнча келишим түзүлдү», - деди ал. Акылбек Жапаров ошондой эле азык-түлүк товарларына баалардын жогорулашынын себептерине токтолду.

«Биздин ички рынок импорттук товарлардан көз каранды. Азык-түлүктүн дүйнөлүк баасынын кымбатташы бизге да таасирин тийгизүүдө. Быйыл азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого 8 млрд сом бөлдүк. Бир катар керектелүүчү товарлар кошумча нарк салыгынан бошотулду. Мындан улам мамлекеттик бюджетке 1 млрд 450 млн сомго жакын каражат түшпөй калды», - деп белгиледи Акылбек Жапаров жана министрлер кабинети бул кадамдарга барбаганда инфляциянын деңгээли 14,5%га жетмек деп кошумчалады.

«Министрлер кабинетинин 2022-жылга карата иш планында 650 иш-чара каралган. Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча документ 73%га аткарылган. Алдыга коюлган милдеттерди аткара албаган министрлер жыл жыйынтыгы боюнча кызматтан алынат. Ченемдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзүлдү. Бири-бирин кайталаган жана карама-каршы келген мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар жоюлду. Биз парламентке 6114 токтомду, 1386 буйрукту күчүн жоготту деп табуу боюнча чечим киргиздик. Эми иштөө жана иштөө гана керек», — деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий