• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Акылбек Жапаров ирригациялык тармактарды ишке киргизүү боюнча иштерди 8-мартка чейин жыйынтыктоону тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылдын вегетация мезгилине даярдык көрүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө республика аймагындагы ирригациялык тармактарды жана каналдарды калыбына келтирүү жана оңдоо боюнча конкреттүү иш пландар талкууланды.

«Каналдарды тазалоо жана ирригациялык тармактарды ишке киргизүү боюнча бардык иштерди үстүбүздөгү жылдын 8-мартына чейин жыйынтыкталышы зарыл, ошол эле учурда ар бир акимдин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрилиги менен биргеликте иштелип чыккан вегетация мезгилине даярдык көрүү боюнча конкреттү иш-планы болушу тийиш», - деп белгиледи Жапаров.

Белгилесек, эпидемиологиялык абалга байланыштуу кеңешме Кыргыз Республикасынын президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын – район акимдеринин катышуусунда видеоконференцбайланыш режиминде өттү.

Пикир

Оставить комментарий