• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Москвада жүрөт

Өкмөт 0

Бишкек, 26.07.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Москва шаарында (Россия Федерациясы) жүрөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы «Сбербанк России» ачык акционердик коомунун иши менен таанышып, Сколководогу Киберкоопсуздук борборуна жана Дата-борборго барып, ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Белгилесек, кыргыз делегациясынын жумушчу сапары «Сбербанк России» ачык акционердик коому башкармалыгынын президенти, төрагасы Герман Грефтин чакыруусу менен уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий