• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров иш сапары менен Сочиге учуп кетти

Өкмөт 0

Бишкек, 07.06.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕАЭБ) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Сочи шаарына учуп кетти.

Коштоп кеткендер:

- министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары КР Адылбек Касымалиев;
- Кыргызстандын Беларустагы элчиси, КМШнын уставдык жана башка органдарындагы КРнын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмек Ибраимов;
- санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов;
- саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова;
- финансы министри Алмаз Бакетаев;
- КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Талгат Аширбеков;
- Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров;
- КРнын КМШ Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айгүл Рыскулова;
- тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев;
- юстиция министринин биринчи орун басары Зарема Аскарова;
- жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Медетбек Маметов;
- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев;
- экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев;
-энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов;
- КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов;
- КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн Евразиялык экономикалык биримдик менен иштөө секторунун башчысы Самат Кулмамбетов.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 7-9-июнунда Сочиде (РФ) КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны, III Евразиялык Конгресстин отуруму, КМШ жана ЕАЭБ жаштарынын II форуму жана "Евразия биздин үйүбүз" көргөзмөсү өтөт.

Пикир

Оставить комментарий