• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров Issyk-Kul ITF 2022 эл аралык ири туристтик кѳргѳзмѳ-жарманкесинин ачылышына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 13.05.22./Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Issyk-Kul ITF 2022 эл аралык ири туристтик кѳргѳзмѳ-жарманкеси башталып, “Таза-суу, таза аба, таза инсан, асман-көл”- ураан алдында 2022-жылкы – жайкы туристтик сезондун ачылышы болду. Иш чаранын алкагында Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий туристтик компаниялар, пансионаттар, конок үйлөрү жана туризм чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдар өз товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн тааныштырышты.

Көргөзмөгө чогулгандар алдында сөз сүйлөгөн Акылбек Жапаров быйыл дүйнөлүк кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга туристтердин көп келүүсү күтүлүүдө экендигин айтып, ага баарыбыз даяр болушубуз керек - деди.

“Көлдүн экологиясын таза сактаганга болгон күчтү жыйнайбыз. Кумтөрдү алдык, эми анын экологияга зыянын азайтабыз. Президенттин жакында эле чыккан жарлыгына ылайык, Ысык-Көлдүн айлана-тегерегиндеги пансионаттардын, эс алуучу жайлардын саркынды сууларды тазалоочу жайлары жок болсо, алардын иштөөсүнө тыюу салынат. Көрбөйт, эчтеке болбойт деп, саркынды сууларды Көлгө куюп, Көлгө кыянаттык менен мамиле жасап жүргөндөргө бөгөт коюлат!

Өлкө башчысынын дагы бир жарлыгы менен өлкөдө туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешти түздү. Ушул кеңештин биринчи жыйынын эртең, 14-майда өткөрөбүз. 1 млрд капиталы менен Туризм фонду түзүлдү”- деп билдирди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле эл аралык көргөзмөнүн жүрүшүндө этно оюндар, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары, кечки маданий программа конокторго жана катышуучуларга тартууланды.

ITF 2022 – бул жыл сайын эл аралык туристтик компаниялардын, туроператорлордун, агенттиктердин, туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик түзүмдөрүнүн, авиакомпаниялардын, эл ташуучу компаниялардын, мейманканалардын жана медиа сектордун өкүлдөрүнүн жолугушуучу жери.

Эл аралык көргөзмө-жарманкеси өлкөнүн туризм чөйрөсүн калыптандыруу жана мындан ары өнүктүрүү, ар кайсы өлкөлөрдүн туристтик бизнестеринин ортосундагы кызматтык байланыштарды түзүү, туризм дараметин эл аралык рынокто илгерилетүү менен чет өлкөлүк туристтерди тартуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туризм тармагына инвестиция тартууга көмөктөшүү максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий