• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Акылбек Жапаров күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен Кыргызстандын аскерлеринин күнүмдүк ишмердүүлүгүнүн абалы боюнча кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин аскерлердин учурдагы абалы жана коопсуздук деңгээли боюнча баяндамалары угулду.

Жыйындын жыйынтыгында министрлер кабинетинин башчысы бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде күжүрмөн жана ыкчам даярдыктын натыйжалуулугун жана интенсивдүүлүгүн камсыз кылуу, аскердик тартипти чыңдоо, ошондой эле Финансы министрлигине – бардык каралган беренелер боюнча чыгымдарды өз убагында каржылоо.

Пикир

Оставить комментарий