• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акылбек Жапаров Кара-Балта спирт заводун модернизациялоону тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 22.08.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Жайыл районунда жайгашкан «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрлер кабинетинин башчысы ишкананы көрүп чыгып, жабдуулардын абалы жана өндүрүш көлөмүн кеңейтүү пландары тууралуу маалыматты укту.

Акылбек Жапаров ишкананын лабораториясын эл аралык стандарттагы заманбап жабдууларды сатып алып, жабдууну тапшырды. «Лабораториянын иши кынтыксыз болушу керек, анын «Люкс» классындагы продукциясынын сапаты боюнча чыгарган корутундусунан эч ким кынтык таппагандай болушу тийиш», - деп белгиледи ал.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы мамлекеттик ишкананы алдыңкы технологияларга ылайык модернизациялоону, натыйжада, толук өндүрүш цикли бар заманбап заводду негиздөөнү тапшырды. Атап айтканда, бардык аймакка асфальт төшөө, спирт сакталуучу кампаларда оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү, чыгаруу системасын жаңылоо, компьютерлештирилген башкаруу системасын түзүү ж.б.у.с. тапшырмалар берилди.

Андан соң тиешелүү мамлекеттик органдарга жана ишканалардын жетекчилерине заводдун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу, ошол эле учурда уникалдуу адистердин эмгек акысын төлөөнүн эселенген коэффициентин белгилөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу жана ата мекендик арак чыгаруучу жаңы линияны орнотуу боюнча өнөктөштөр менен ыкчам сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырылды.

Мындан тышкары заводдун продукциясын келечекте чет өлкөгө экспорттоо маселелери талкууланды.

Акылбек Жапаров контрафакттык алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана сатууну ооздуктоо чараларына өзгөчө көңүл бурду. «Контрафакт - бул биздин экономиканын рак оорусу», - деп баса белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий