• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Акылбек Жапаров Кавак күрөң көмүр бассейнин комплекстүү пайдалануу боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Министрлер rабинетинин nөрагасы Акылбек Жапаров Кавак күрөң көмүр кенинде иштеген ишкана жетекчилери менен кеңешме өткөрдү, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Министрлер кабинетинин башчысы күз-кыш мезгилине чейин ишти сапаттуу жана өз мөөнөтүндө жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Келерки кышка карата эртелеп даярданышыбыз керек, башкача айтканда, «Чанаңды жайда камда» деген кеп бар. Калк үчүн көмүр жетишсиздиги жана анын сапатынын начардыгы деген маселелер жаралбай, аны ташууда үзгүлтүктөр болбошу керек. Калкыбыз, ЖЭБ жана бюджеттик уюмдар сапаттуу отун менен тийиштүү көлөмдө камсыз болушу тийиш», - деди Акылбек Жапаров.

Иш-чарада көмүр казуучу компаниялардын актуалдуу маселелери талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгында көмүр казуучу ишканаларга керектөөчүлөрдү көмүр менен камсыздоо жана көмүрдүн сапатын жакшыртуу максатында кыртыш ачуу иштерин өз убагында жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Тармактык мамлекеттик органдарга көмүр казуучу ишканаларга атайы техниканы лизингге берүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий