• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Акылбек Жапаров: Казино ачылса жылына 2 млрд сом түшөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында оюн-зоок иши жөнүндөгү мыйзамдын долбоору каралууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин өкмөт 123 млрд сомдук антикризистик пакет кабыл алганын белгилейт.

“Анын ичинде оюн-зооктон каражат алабыз деген эсептөөлөр менен келип, сиздердин алдыңыздарда отурабыз. Эртерээк мыйзам долбоорун колдоп берсеңиздер, быйыл 1 млрд сомдон 2 млрд сомго чейин киреше алабыз”, - дейт ал.

Казиного уруксат берүү мыйзам долбоору кабыл алынып калса, оюн-зоок жайына чет элдик жарандар гана киргизилип, кыргыз жарандарына кирүүгө тыюу салынат.

Пикир

Оставить комментарий