• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Акылбек Жапаров: Кен байлыктар Кыргызстандын элине кызмат кылышы керек

Экономика 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров бүгүн “Коомдук диалог: Жаңы экономикалык саясат” аттуу конференцияда сөз сүйлөп жатып, Женевада өткөн Кумтөр боюнча “Центерра” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдөгү айрым нюанстар тууралуу айтты.

Иш-чараны КР Экономика жана финансы министрлиги уюштурган. Конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин администрациясынын, бизнестин жана жарандык коомдун өкүлдөрү, өлкөнүн алдыңкы эксперттери жана донорлору катышты.

Жапаров өз сөзүндө ушул аралыкта Кыргызстан 11,4 млрд доллар грант жана насыя алганын жана болжол менен ушул эле суммада Кумтөр кенинен алтын чыгарылып кеткенин белгиледи.

“Биздин өлкөдөн Кумтөр долбоорунан 11,4 млрд сомго 410 тонна алтын чыгарылып кеткен. Башкача айтканда ушул суммада биз насыя алдык, ал эми ошол эле суммага белгилүү бир компания алтын чыгарып кетип, аны сата алды. Бир нерсени айта алам, Женевада биз сүйлөшүүлөрдүн бардык нюанстарын ачыкка чыгарбоо боюнча документке кол койдук, бирок биз бири-бирибиздин дооматтарыбызды эле укпастан, бири-бирибиздин оюбузду дагы укуктук. Жакын арада сүйлөшүүлөр дагы уланат, бул маселени тынч жол менен чечип алабыз деп ишенем. Жана БУУнун резолюциясына ылайык биздин өлкөнүн улуттук кызыкчылыктары үстөмдүк кылат деп ишенем. Кен байлык көптөн бери муктаж болуп келген Кыргызстандын элине кызмат кыла баштайт”, - деди Жапаров.

Ал ошондой эле өткөн жылы бюджетти колдоо боюнча көрсөткөн колдоосу үчүн Эл аралык вальюта фондуна ыраазычылык билдирип, тышкы карызды төлөөнү кийинкиге калтыруу боюнча оң чечимди белгиледи.

“Биз өткөн жылы өтө оор мезгилди баштан кечирип эле тим болбостон, быйыл тышкы карызыбызды төлөө үчүн дагы тыныгуу алдык. Өлкөбүз бардык милдеттенмелерин аткарышы үчүн биз жетишерлик туруктуу болуп баратабыз”, - деди министр.

Анын айтымында, бүгүнкү күндөгү кырдаалдын өзгөчөлүгү өлкөнүн өнүгүүсүнүн орто мөөнөттүү стратегиясына кол коюу. Экономика жана финансы министрлиги аталган стратегияны аткаруу боюнча 5 жылдык пландын үстүндө иштеп жатат. Мунун алкагында министрлик бюджетти кайрадан карап чыгат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандан сүйлөшүүлөргө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, “Кумтор Голд Компани” компаниясынын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк жана укук жаатындагы адистер катышты.

Эскерте кетсек, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 17-майында Жогорку Кеӊеш министрлер кабинетине “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу тышкы башкарууну киргизип, тышкы башкаруучуну дайындоо сунушун берген.

Ошондой эле "Кумтөр Голд Компани" компаниясы көзөмөлдөө жана мөңгүлөрдү сканерлөө тутумун өчүргөндүгү маалымдалган.

Жыйындын жүрүшүндө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Кумтөр” боюнча 4 кылмыш иши козголгондугун айткан.

Кийинчерээк Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий