• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акылбек Жапаров ӨКМ Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн баалады

Өкмөт 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Акылбек Жапаровго кырсык болгон аймактагы адамдарды издөөгө каралган жабдуулар, радиациялык нурланууну өлчөөчү приборлор, метеорологиялык маалыматтарды жана жер титирөө жана башка табигый кырсыктарды алдын-ала кабарлоо системасынын маалыматтарын чагылдырган видеосистемалар көрсөтүлдү.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун, мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аварияларга, өрткө, табигый кырсыктарга жана башка өзгөчө кырдаалдарга өз убагында чара көрүүнү уюштуруу боюнча «112 системасы» нөөмөт-диспетчердик кызматтардын бирдиктүү түз байланышынын иши менен таанышты.

Акылбек Жапаров Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ишине оң баасын берип, КР президентинин администрациясынын Кырдаалдык борборунун иши үчүн «112 системасынын» платформасын пайдаланууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий