• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акылбек Жапаров КММА Республикалык диагностикалык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 07.10.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) Республикалык диагностикалык борборунун иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин чечимине ылайык, үстүбүздөгү жылдын апрель айында мурда Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы диагностикалык борбор билим берүү максатында пайдалануу үчүн жогорку окуу жайдын оперативдүү башкаруусуна өткөрүлгөн.

Учурда мекемеде оңдоо иштери жүрүп жатат. Академиянын эсебинен 21 115 480 сомго медициналык жабдуулар жана медициналык буюмдар сатылып алынган.

Министрлер кабинетинин башчысы борбордун имаратын көрүп чыгып, бейтаптардын тиешелүү консультацияларды алуусу жана дарылануусу үчүн жагымдуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий